Канттын борбордук көчөсүндө жол эрежелери көзөмөлө алынбайт
Новость

POST1RIGHT

Кант шаарынынын борбордук көчөсүндө жол эрежелери көзөмөлө алынбайт. Бул тууралуу автор "Элдик репортерго" видеого тартып жөнөткөн. 

Борбордук көчөдө унаалар башаламан токтотулгандыктан, тыгын пайда болуп жатат. Жөө жүргүчүлөргө да ыңгайсыздык жаралууда. Башаламандыкты көзөмөлдөгөн эч ким жок. Жолдун бир бетинен аркы бетине өтүш үчүн кыйынчылыктар жаралат. Ушул таксистерге өзүнчө токтотуучу жай салып берип койсо. Кант шаарынын мэриясы ушул маселени чечип беришин өтүнөбүз,- деген автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.