Борбор Азиядагы санариптик трансформация
Новость gov.kg

POST1RIGHT  Кыргызстан санариптик трансформациялоо багытында аймактагы лидер мамлекетке айланышы керек. Бул өлкөнүн амбициялуу максаты экенин Президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азиядагы санариптик трансформация деп аталган эл аралык конференцияда билдирди. 

Иш-чарада электорондук ыкмага өткөрүлгөн мамлекеттик кызматтардын алгачкы жыйынтыктары чыгарылып, калктын санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү жана анын экономиканы өнүктүрүүдөгү орду талкууланды. Бир катар эл аралык адистер айти тармагы аркылуу өнүккөн өлкөлөрдүн мисалын айтып беришти.