Санариптештирүү иши жарандарга ыңгайлуулукту жаратат
Новость

POST1RIGHT

Өлкөнү санариптештирүү биринчи кезекте карапайым адамдарга ыңгайлуу болушу шарт. Бул багытта жергебиздеги министрликтер менен ведомстволордон тартып, айыл өкмөттөрүнө чейин коюлган талаптарды тездик менен ишке ашыруу милдеттери турат. 

Аймактардагы жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү санарип технологиясын тез арада үйрөнүп эле тим болбостон өздөрүнүн күнүмдүк милдеттерин аткарууда да чеберчилик менен колдонуусу абзел. Анткени учурдагы мамлекеттин башкы саясаты - Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанды санариптештирүүдө алдыңкы орунга алып чыгууда турат.