Суунун жээгинде жаткан малдын өлүктөрү
Новость

POST1RIGHT

Барскоон айылындагы жолдун жанан сууну жээгине айылдын жашоочулары таштандыларын алып келип ташташат. Өлгөн малдарды жолдун боюна, ошондой эле суунун жээгине ыргытып кетип жатышат. Курттап жатканына бир ай болуп калды. Бул малдар эмне болуп өлгөн белгисиз. Эми мындан кандай гана оорулар жуугат. Жанында эле суу агып жатат. Сууга деле агып кетип жатса керек. Эч ким көңүл бурган да жок. Жагымсыз жыт көчөнү каптайт. Гараждан 1,5 км алыстыкта жайгашкан. Эмне мынча кайдыгер мамиле жасайбыз, ушул өлгөн малдарды көмүп койсо болот да, эмне үчүн жолдун жээгине, суунун жээгине таштап кетишет? Таштаган элдерге чара колдонуп, айып пул салыш керек. Райондук админстрация элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек эле го, - деп ачууланган автор "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.