Ноокенде "Бийиктикке бирге умтулалы" аталышындагы мелдеш өттү
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоого багытталган "Бийиктикке бирге умтулалы" аталышындагы мелдеш өттү. Иш-чараны жергиликтүү бийлик өткөрүп келет. Райондор аралык 10чу-жолу өтүп жаткан мелдеште 200гө жакын катышуучу спорттун алты түрү боюнча күч сынашты. Алдыңкы орундарды камсыздагандарга акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

“Мен он жылдан бери катышып келем. Баары жакшы. Башкаларга үлгү болсун жана бизди көрүп аракет кылсын деп айтар элем. Мен бул мелдешке 10 жылдан катышып, биринчи орунду эч кимге бербей келе жатам”.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.