Самат Курманкуловдун дарылануусуна каражат бөлүү тапшырмасы берилди
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Саламаттык сактоо министрлигине Чүй ОИИББдин мурдагы башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна байланыштуу чыгымдарды төлөөгө 1 миллион 298 миң 520 сом бөлүп берүү тапшырмасы берилди. Буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин өкмөт башчынын резервдик фондунан Курманкуловдун дарылануусу үчүн Саламаттык сактоо министрлигине 1 миллион 462 миң 691 сом бөлүнүп берилген. Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, Самат Курманкулов жаракат алган. Учурда ал Москвада дарылануусун улантууда.