Кыргыз радио бирикмеси 85: Радио санариптик технологиялар доорунда
Новость ktrk.kg

Борбор калаада Кыргыз радио бирикмесинин 85 жылдыгына карата уюштурулган "Радио санариптик технологиялар доорунда" аталышындагы медиа форум башталды. Аталган форум ЕККУнун Бишкектеги борборунун колдоосу алдында өтүп жатат.

Мындай форум Кыргызстанда биринчи жолу түз эфирде чагылдырылып, КТРКнын "Маданият-Тарых-Тил" каналынан көрсөтүлүүдө.  Аталган форумга бир нече өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрү катышып, расмий тилде өтүп жатат. 

POST1RIGHT

Медиа форумдун ачылышын КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков ачып, кылымга жакын тарыхы бар кыргыз радиосунун ишмердүүлүгүнө токтолду. Мындан тышкары колдоо көргөзгөн өнөктөштөргө жана эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын билдирип кетти.

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз өз сөзүндө технологиянын эбегейсиз ылдамдыктагы заманында радионун келечегине карата ой-пикирин билдирди.

Форумдун биринчи бөлүгүндө сүйлөгөн Би-Би-Си радиосунун журналисти Венера Койчиева  журналисттерди жоопкерчиликтүү болууга чакырып, өз алдынча иштей билген, бир нече тилде сүйлөй, жаза билген журналисттерди тарбиялап чыгуу чоң милдет экендигин билдирди.