POST1RIGHT
Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы Күйүкова көчөсүнүн тургундары "Бишкек суу канал" ишканасына нааразы болуп "Элдик репортерго" билдирүү жөнөтүшкөн. Бул көчөдөгү жол жаңыдан эле жасалып, тротуарлар салынган. "Бишкек суу канал" ишканасынасынын кызматкерлери келип, тротуарда бузуп, жерди казып кетишкен. Ошол бойдон калтырып кетип калышты. Эми бузулган тротуарды ким калыбына келтирет?- деп ачууланган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.