Базар-Башы кварталындагы казылган жол ошол бойдон калды
Новость

POST1RIGHT

Баткен шаарындагы Базар-Башы кварталында арык салабыз деп жолдорду казып кетишкен. Мынтип казып кеткендерине 4-5 айдай болуп калган. Ошол бойдон турат. Тургундарга бир топ ыңгайсыздык жаратып жатат. Мэрия тарап көзөмөлдөбөйбү ушундай нерселерди? Кыш келе жатат, ушул бойдон калабы?- деп ачууланган автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, "Элдик репортер" рубрикасына Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.