Боом капчыгайында жол 14-18-октябрга чейин күнүнө алты сааттан жабылат
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Жол каттамдарынын коопсуздугун камсыздоо максатында, бүгүндөн тартып, 18-октябрга чейин Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун, тагырагы Боом капчыгайынын 131-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт. 

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдиргендей, аталган иштер автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Буга байланыштуу, 14-18-октябрга чейин аталган багыт боюнча эртең мененки саат 9дан 15-00гө чейин жол убактылуу жабылат. Таштарды кулатуу иштери күндүзү, күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.