POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Ибраимов менен Куренкеев көчөлөрү кесилишкен жерде жол өтө эле кооптуу. Себеби бул жолдо жол чырагы, жол белгилери жок. Жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар да жолдун бир капталында эле жайгашкан. Жол белгилерин тургундар өзүлөрү чийип алышкан. Бирок айдоочулар токтоп, жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүшпөйт. Эми бул жолдон күнүгө жол кырсыктары катталууда. Балдар ушул жол менен мектепке барышат.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.