POST1RIGHT
Кара-Балта шаарынын Жайыл-Баатыр көчөсүндөгү №35,37 турак үйдүн жашоочулары "Элдик репортерго" билдирүү жөнөтүшкөн.
Биздин көчө борбордук трассада жайгашкан. Бирок канализациябыз борбордук канализицияга кошулган эмес. Ал эми көчөдөгү кудук бат эле толуп калып, суу сыртка агып, андан чыккан жагымсыз жыт, үйлөргө чейин кирет. Бул үйлөрдө көбүнчө пенсиядагылар жашайт. Кудукту сордуруп, тазалантканга 1500 сом кетет айына. Алардын пенсиясы болгону 3000 сомду түзөт. Ай сайын тазалантканга шарттары жок. Мэрияга деле кайрылдык. Жыйынтык жок. Тийешелүү органдардан жардам сурайт элек, ушул биздин канализацияны, борбордук канализацияга коштуруп беришин, -деп кайрылышты.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.