Самат айылындагы салынып жаткан жол толугу менен бүтпөй калган
Новость

POST1RIGHT

Баткен облусунун Лейлек районунун Самат айылынын тургундары "Элдик репортерго" билдирүү жөнөтүшкөн. Мындан 1 жыл мурун биздин айылда жол куруу иштери башталган. Ушул күнгө чейин иш бүтпөй токтоп турат. Жергиликтүү тургундар үйлөрүнө кире албай убара. Арыктар казылып, лотоктор орнотулуп, бирок аягына чыкпай калган. Видеодо көрүп тургандай, тротуар менен басканга мүмкүн эмес. Бул жолдон кырсыктар да катталып турат. Жакында эле 3 жашар кызды унаа сүзүп кетип, каза болду,- деген автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, "Элдик репортер" рубрикасына Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.