POST1RIGHT
Бишкектеги Патрис Лумумба көчөсүндөгү мыйзамсыз орнотулган жарнама такталары боюнча окурман "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. Автор, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы тарабынан бул маселенин чечилишин суранып өттү.
Патрис Лумумба көчөсүндөгү жарнамалык такталар унааларга гана эмес жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздык жаратып жатат. Себеби бул көчөдө "Кудайберген" базары жайгашкан, ал жердин соодагерлери тротуарларды тороп, жолго чейин чыгып жарнамалык такталарын орнотуп алышкан. Мындан улам жол тыгыны пайда болуп жатат.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, "Элдик репортер" рубрикасына Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.