Жалал-Абад: Ленин көчөсүнүн тургундары эмнеге нааразы болушууда?
Новость

POST1RIGHT

Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндөгү №176 турак үйдүн жашоочулары "Элдик репортерго" билдирүү жөнөтүшкөн. 

Бул шаардын ортосунан орун алган түзөтү колониясынын (ОП 36/10-почтовый ящик) таштанды төгүүчү жайы 6 айдан бери тазалана элек. Андан чыккан жагымсыз жыт көчөнү каптап, терезелерди ачып отура албай калдык. Таштандыдан келген чымын-чиркейлерден тажап бүттүк. Аларда ар кандай оорулар болушу мүмкүн,- деп ачууланган автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, "Элдик репортер" рубрикасына Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.