POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Месарош көчөсүнүн жолу 4-5 жылдан бери бүтпөй койду,- деп ачууланган автор "Элдик репортерго" видео жөнөткөн. Былтыр да кар жаагандан кийин асфальт төшөп коюшкан. Эми азыр асфальттан дайын жок, талкаланып. Эми быйыл да суук түшкөндө баштап жатат. Мэрия, өкмөт көзөмөлгө алып, ишти баштагандан кийин, убакытты созбой дароо эле бүтүрүшсө болот эле го,- деп ачууланган шаар тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, "Элдик репортер" рубрикасына Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.