POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Абдырахманов менен Аалы Токомбаев көчөсү кесилишкен жердеги жол белгилери боюнча автор "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн. Автордун айтымында, Абдырахманов көчөсүнөн Аалы Токомбаев көчөсүнө оңго кайрылып бара жаткан жолдо 1 эле сызык бар, жол чырагы жашыл болуп күйгөндө айдоочулар жетишпей калып жатат, болгону 3 эле унаа жетишип калат. Ушул жерге дагы кошумча сызык орнотуп коюшса. Мэрия бул маселени карап койсо,- деген билдирүүсүндө.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, "Элдик репортер" рубрикасына Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.