Жол белгилерин ирээтке келтирген шаар тургундары
Новость KTRK/videograp

Бишкек шаарынын Асанбай кичи районундагы эски көчөгө орнотулган унаалардын ылдамдыгын азайтууга багытталган жолдогу дөңчө салынганына жарым ай болсо да, боелбой тургандыктан унааларга кыйынчылык жаралууда. 

"Бул жерде мектеп бар болгондук тоскоолдук орнотулду, бирок сырдашпагандыктан, айдоочулар байкабай сүзүп өтүшүүдө. Биз бүгүн атайын мэрияга көрсөтүп, өзүбүз сырдап жатабыз. Баштаган ишти аягына чейин чыгарыш керек",- деген билдирүү калтырган автор.  


Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.