Тасманын автору Жалал-Абад шаарындагы "Мир" кинотеатрынын аркасындагы жайылып, чачылган таштандыны видеого тартып жөнөткөн.
"Бул шаардын борбору болуп эсептелет, бул жерден негизги борбордук көчө кетет, мында университет, базар бары жайгашкан. Ушул жердеги таштанды эч тазаланбайт. Өтө уяттуу көрүнүш. Мэрия карап, бир көзөмөлдөп койсо жакшы болмок", - дейт автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.