Турдакун Усубалиев тууралуу китеп жарык көрдү
Новость KTRK/videograp

Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиев тууралуу китеп жарык көрдү. Анын автору Дипломатиялык академиянын мурдагы ректору Жумагул Сааданбеков. Сааданбеков буга чейин дагы белгилүү инсандар тууралуу басылмаларды чыгарып келген. Алсак ал Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин, кыргыз эл баатыры Чыңгыз Айтматовдун өмүрлүк жолуна арналган китептерди жазган. 

Ал эми соңку эмгегин автор көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арнады. Китептин бет ачаарына бийлик өкүлдөрү, коомдук ишмерлер катышып, басылмага жогорку баасын беришти. Айтымдарында автор Турдакун Усубалиевдин басып өткөн жолундагы окуяларды илимий негизде тастыктап, лидердин республикага кошкон салымын даңазалаган.

Илимий жактан ачып бериптир Турдакун Усубалиевдин образын. Экономикалык-социалдык өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Жумагулов Сааданбеков - Назарбаев, Айтматов тууралуу китеп жазган. 60-90-жылга чейинки кыргыз саясатына кыргыз улуттук аялдары - жетекчилигин тереңдик менен жазып берген. Кыргыз мамлекетин башкарган келечек муун үчүн баалуу маалымат,- деди Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев.