Талас шаарынын ички жолдоруна качан көңүл бурулат?
Новость

POST1RIGHT

Талас шаарындагы Үмөт Молдо көчөсүнүн жолу кооптуу абалда турат. Себеби мындан 3 жыл мурун канализация киргизилип, жолдор казылган. Ошол бойдон жол жээктери жана ортосу асфальтталынбай калган. Жол өтө эле тар болуп калгандынтан, эки унаа бири-бирине чукул өтөт. Кыш мезгилинде өтө эле кооптуулук жаралат. Бул тууралуу "Элдик репортерго" Талас шаарынын тургуну видео тартып жөнөткөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.