POST1RIGHT
Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Жогорку Төкөлдөш конушунун Армейский менен Исакеев көчөлөрүндө 2018-жылдын жазында жолду асфальтто иштери башталып, ноябрь айында суук түшүп кетти деген шылтоо менен ишти токтотуп коюшкан. Быйыл да жазында иш кайрадан башталып, бирок азыркы күнгө чейин бүтпөй тураганы өкүндүрөт. Бир жумадан кийин кайра суук түшүп кетти деп ишти токтотушканы турат. Ошондо 1 км жетпеген жолду, 2 жылга калтырганы турушат. Буларды текшерген эч ким жок, азыркы күндө жолчулардын бири да көрүнбөйт. Ким көзөмөлдөйт буларды?
Ал эми Армейский көчөсүндө салынып жаткан жол өтө эле тар. Видеодон көрүп тургандай, бул жолдун туурасы 4,5- 5 метрге жетпейт. Жашоочулардын үйлөрү жолдун түбүндө эле жайгашкан. Тротуар аттуу жок. Тургундар унааларын үйүнүн астына токтотуп койгондо, башка унаалар өтө албай убара тартышат. Кызыл сызыктан чыгып кеткен тургундардын дубалдарын алдырабыз деп айтышкан эле, эч кандай алдырган жок. Ошол бойдон эле калды.
Эске салсак, мындан бир жыл мурун "Элдик репортерго" дал ушул Төкөлдөш конушунда салынып жаткан тар жолу боюнча билдирүү келген. Өкүнүчтүүсү шаар мэриясы бул нерсеге көңүл бурбай жаткандыгы.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.