POST1RIGHT
Дордой жаңы конушунун жанындагы айланма жол өтө эле тар. Бул жерде унаалар тынымсыз жана катуу ылдамдыкта өтүшөт. Жолду кеңейтиш керек. Мыйзамсыз берилген жолдун боюндагы соода кылган жайлар алыныш керек. Айланма жол кенен болушу керек эле го. Анда эмнеге бул жерди айланма жол кылышкан, тар болуп турса. Болгону жалгыз айланма жол болсо. Айланма жол эмес эле жакында базарга айланат бул жол. Мына ушулардын кесепетинен жол тыгыны пайда болуп жатат. Бул жерлер сатылып кеткен. Ким жооп берет бул көрүнүшкө? Качан тартипке келет? - деп ачууланган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.