Лейлектин Интернационал айылындагы жайылган таштанды
Новость www

Тасмада Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Интернационал айылындагы жагымсыз абал көрсөтүлгөн. Мында көчөнүн жээги таштанды таштоочу жайга айланып, айлап-жылдап тазаланбагандыгын жергиликтүү тургун билдирет. 

Таштандынын айланасында бала бакча, спорт аянтчасы жана мектеп жайгашкандыктан, балдар ушул таштандыны кечип эле жүрүшөт. Жайкысын жыттанып дем алууга мүмкүн эмес, өлгөн мал-жандыктардан бери ушул жерге ыргытышат. Ушул маселени тиешелүү тараптар чече албай коюшту, теледен көрсөтүп коюуңуздарды суранабыз,- деп жашоочулар видео жөнөткөн.