Бишкек шаарынын 12-кичирайонундагы Саякбай Каралаев көчөсүндө Куттубаев көчөсүнө чейин түнкүсүн жүрүү коркунучтуу себеби, жарык берүүчү лампалар жок, көчө караңгы.
"12- кичирайонундагы Каралаев көчөсүндө бир да жарык жок жол караңгы, бул көчөдөн кечкисин жөө басмак тургай, унаа менен жүрүш кыйын. Жол белгилери, жөө адамдар өтүүчү тилкелер такыр көрүнбөйт. Борбор калаа болуп туруп, жолдордун ушундай караңгы болушу кандай көрүнүш?",- деп суроо калтырган автор.