Бишкек шаарындагы Жибек Жолу проспектиси менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишинен ылдый, Алма-Ата көчөсүн бойлой, жол тилкеси унаа токтотуучу жайга айланып, жол кыймылына тоскоолдуктар жаралууда.
"Алма-Ата көчөсүндө жол төрт тилкеге бөлүнгөн, ошонун бир тилкеси толугу менен унаа токтотуучу жайга айланган, аялдамага чейин унаа токтотулуп, дайыма тыгын, адамдар үчүн да орун жок. Ушундай башаламандыктар качан көзөмөлдөнөт", - дейт шаар тургуну.