Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндөгү “Айчүрөк” борбордук универсалдык дүкөнүнүн, "Чынар" соода түйүнүнүн жана курант саатынын тушунда 3-4 жылдан бери жолдун четиндеги люктар жабылбай, ачылган бойдон турганы турган.
"Мэриянын тиешелүү кызматы ушундай көрүнүштөргө көңүл буруп койсо жакшы болмок, жаңылбасам 3-4 жылдын бери ушул люктар ачык турат. Ким билет канча киши, канча унаа ушул жерге түшүп жабыркагандыр. Уят эле көрүнүш, шаардын так ортосундагы, бул жерде шаар тургундары, туристтер көп жүрөт, ал эми бизде жөнөкөй люктардын бети жабылбайт",- деген пикир калтырган шаар тургуну өздүк тасмасын жөнөткөн.