Калаа тургундары 203-маршруттук каттамдын айдоочуларына нааразы
Новость KTRK/videograp

Бишкек шаарындагы Дордой базарынан №4-шаардык ооруканага чейин каттоочу №203-маршруттук каттамдын айдоочуларынын тейлөөсүнө жүргүнчүлөр нааразы.

"Дордой базарында №203-маршруткалар элди шылдындашабы, же кандай кылышат түшүнө албайм. Эл толтура болуп, кете албай күтүп турушса да, маршруткалар өзүм билемдикке салышып, элди ойлошпойт. Элди карап да коюшпайт, тамеки тартып, сүйлөшүп тура беришет. Ушул жердеги башка маршруткалар тез-тезден жүргүнчүлөрдү салат да кетишет, №203түн бир эмес, 2,3 маршруткасы эл толтура турса да, эшиктерин жаап тура беришет, булардын мындай иш-аракетин ким көзөмөлдөйт?",- деген пикирин калтырып, тасма жөнөткөн.