Каракол шаарындагы Караколка суусунун жээгинде жайгашкан спорттук машыктыруучу агрегаттар 3,4 жыл мурда орнотулган. Ошондон бери каалоочулар эртели-кеч келип машыгып келишкен.
"Жаздан бери машыктыруучу каражаттардын жарымы сынып, ажырап машыгууга мүмкүн болбой калды. Алтоонун үчөө гана иштейт учурда. Ушуларды оңдоп берүү боюнча Каракол шаардык мэриясына, вице-мэр Сейит Өскөнбаевге жарандар 5 айдан бери кайрылып жатабыз. Эч кандай майнап жок. Күнүгө эртең-эртең деген шылтоо", - дейт жергиликтүү тургун.