POST1RIGHT
Кыргызстанда "Digital CASA" долбоору откон жылы ишке кирген. Негизги максаты - Интернет байланышынын сапатын жогорулатып, баасын төмөндөтүү. Эми кыргызстандыктар сапаттуу интернет байланышын колдонууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошол эле учурда электрондук мамлекеттик тейлөөлөрдүн сапаты жакшырат. Ага катарлаш жаңы жумуш орундары түзүлөт.
Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрүнө караганда Кыргызстан тилкелүү оптикалык интернет менен 5%га гана камсыздалган. Ишти алдыга илгерилүү үчүн Дижитал КАСА регионалдык долбоору аркылуу тышкы интернет операторлору менен байланыш күчөтүлөт. Кыргызстанда бул багытта түрдүү долбоорлор болгону менен мынчалык ири деңгээлде иш жүргөн эмес.
Тилкелүү интернетти өлкөнүн бардык аймагына жеткирүүнүн мааниси чоң. Бул иш мамлекеттин ишмердигинин бардык тармагына таасирин тийгизет. Биринчи кезекте катардагы жарандарга мамлекеттик тейлөөлөрдү алуу жеңилдейт.
Серепчилердин айтымында долбоор ишке ашса, дүйнөлүк байланыш уюлунун сапаты жогорулайт. Кыргызстан интернет желесине кошулууда альтернативдик байланышка ээ болушу керек. Анткени азыркы кезде интернет биздин өлкөгө Казакстан аркылуу гана келет.
Долбоордун жалпы бюджети 50 млн долларды түзөт. Анын 25 млну грант түрүндө берилсе, пайызсыз насыя иретинде тейлөө үчүн 0,75 пайыз жыйым төлөнөт. Насыя 38 жылга эсептелген, анын алгачкы 6 жылы жеңилдетилген түрдө берилген.