POST1RIGHT
Баткен облусундагы Кызыл-Кыя—Караван жолу өтө эле кейиштүү абалда деген видео буга чейин да "Элдик репортерго" келген. Бүгүн да видеону жөнөткөн автор, Кызыл-Кыя—Караван унаа жолу болгону 6-7 км чыгат, жарым жылдан жазап бүттө албай коюшту. Айдоочулар тажап бүттү, улам унааларынын тетиктери бузулуп. Ушул бойдон калабы? Кыш айы да жакындап калды,- дейт билдирүүсүндө.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.