POST1RIGHT
Борбор калаадагы унаа жуучу жайлар алдындагы тротуарларды тороп алганы акыркы учурларды эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп келет. "Элдик репортерго" дал ушул маселе менен шаар тургуну билдирүү жөнөткөн.
Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу менен Тимирязев көчөсү кесилишкен жердеги унаа жуучу жай тротуарды тороп алган. Буларга келген кардарлар токтотуучу жай кылгандары аз келгенсип, тротуарда эле унааны жууп жатканын көрүүгө болот. Мындай нерселер качан токтотулат?
- деп ачууланган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.