"Фрунзе" гипермаркетинен сатылган көгөрүп кеткен йогурт
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы "Фрунзе" гипермаркетинен алынган көгөрүп кеткен йогурттун видеосун шаар тургуну "Элдик репортерго" жөнөткөн. Анын айтымында, 

Йогурттун мөөнөттүн карап эле алганбыз, балама берейин деп эле ачсам ичи көгөрүп, жыттанып кетиптир. Эмне үчүн эскирген товарларды сатышат? Санитардык көзөмөлдөө органдары текшеришпейби? - деп ачууланган автор. 
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.