POST1RIGHT
Чүй облусунун Москва районуна караштуу Кепер-Арык айылындагы Жаштык көчөсүнүн тургундары "Элдик репортерго" кайрылышкан.
4 жыл мурун шайлоодон кийин, биздин көчөгө трансформатор орнотуп беришкен. Ошондо электр түркүктөр көчөнүн жарымына чейин гана орнотулган. Жарымы ошол бойдон калган. Бул маселе боюнча айыл өкмөткө, акмиатка, электр ишканасына кайрылганбыз. Эч жыйынтык жок. Өкмөткө кайрылганыбызда бул маселени чечебиз деген эле, андан бери 4 жыл өттү. Жакында суук түшөт. Бул көчөдө электр чубалгылары да өтө эле кооптуу абалда турат, жерге тийгени эле калган. Балдар чыбык менен чаап ойношот. Электр кызматкерлери келип да коюшпайт. Кокус өрт чыгып кырсык болсо ким жооп берет?- деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.