POST1RIGHT
Нарын районунун Ак-Кудук айыл өкмөтүнө караштуу Шоро айылынын жолу унаа жүргөнгө мүмкүн болбой калды. Себеби бул жол 4 айдан бери түрттүрүлө элек. Мурун 1 айда бир жолу түрттүрүлө турчу эле. Өзүңүздөр көрүп тургандай такыр эле кейиштүү абалда. Таш жол менен айдагандан качкан айдоочулар, топурак жолго салып айдап, айлабыз кетип жатат. Айыл тургундарын ойлогон эч ким жок. Элдин талабын аткарып, айыл өкмөткө кулак кабыш кылып койгулачы,- деген айылдын ардагери.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.