POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Чехов көчөсүндөгү №6 көп кабаттуу үйдүн саркынды суулары канализация менен агып кетпей, жер үстүнө чыгып, менин үйүмдү каптап жатат, - деген тургун "Элдик репортерго" кайрылган. Автордун айтымында,
Менин үйүм бул №6 турак үйдүн жанында жайгашкан. Бул көп кабаттуу үйдүн саркынды суулары менин үйүмдү каптап жатат. Кайрылбаган жерим калган жок. Санэпидемстанцияга кайрылганымда, алар турак үйдүн тургундары менен сүйлөшүп, жашоочулар 2 гана жолу сордуркан. Эми кайрадан эле толуп калды. Айыл өкмөткө кайрылсак, турак үйдүн тургундары өздөрү сордуруш керек, биздин жумуш эмес деп жооп айтышты. Терезени ачып отура албай калдык. Бул жерде жаш балдар көп ойнойт, кудукка түшүп кетпесе эле болду деп убара болобуз.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.