POST1RIGHT
Баткен облусунун Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаты "Элдик репортерго" кайрылган. Анын айтымында, Кыргыз-тажик чек арасында Жолдошбай Момунов атындагы жаңы конуш түптөлгөн. Азыркы күндө бул конушта электр энергиясы жана жол жок. Себеби бул конушка айыл макамы бериле элек. Жогору жактан суранат элек, бул конушка эртерээк айыл макамын беришин. Эгер дагы деле ушундай айыл макамы жок жүрө берсек, Ак-Сай элиндегидей чек ара көйгөйү келип чыгышы мүмкүн. Ушул маселени эртерээк чечип беришин суранат элек,- деп кайрылган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.