POST1RIGHT
Сүрөттөгү Чаткал районунун Кызыл-Токой айылындагы курулуп бүтпөгөн дарбаза (арка) 3 жылдан бери турат. Бюджетге фонтко чогулган акча ушуга окшогон жараксыз курулуштарга жумшалып, акча каражаттары эсеби жок чачылууда. Айылдын тургундары Прокуратурага кайрылганы менен эч кандай жыйынтык чыкпайт. Эл арасында прокурор өзү аралашкан деген ушактар жүрөт. Айыл өкмөтү, аким мындай финансылык эрежелер бузулган курулуштардын бир нечесине жол берген. Райондогу мындай коррупциялык көрүнүштөргө тескөөчү органдар дагы жана башка күчтөр өздөрү аралашып алгандай сезилет. Мындан көрө ошол дарбазага кеткен акча каражатына, жогоруда аталган айылдагы асфальт төшөлбөгөн Ала Бука менен айылдын ортосундагы жолго асфальт төшөп койсо болмок. Өзү районго түшкөн акча каражаттарын республикалык деңгээлде текшерүү жүргүзүү керек, - деген айыл тургуну "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.