POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Биринчи май районуна караштуу Республика №2 кварталында жашаган тургундар көйгөйлүү маселеси менен президентке кайрылуу жасашты. Алардын кайрылуусунда, Биз жашаган аймакта, чакан парк аянтчасы бар, балдарыбыз ойной турган жана жашоочулар сейилдеп эс ала турган жер. Бул парктын тарыхы өтө терең деп айтсак жаңылышпайбыз. Себеби бул жердеги тигилген бактар, 1950-жылдары отургузулган. Азыркы тапта белгисиз мекеме келип, бул жерди бузуп, көп кабаттуу турак үй салганы турушат. Тургундар бул нерсеге каршы болуушуда. Бул паркты сактап калууга аракетибизди жасап жатабыз, бирок тынчыбызды алып жатышат. Кайрылбаган жерибиз калган жок. Кантип бул бактарды кыйганы жатышат? Бул маселени чечип берип, чара көрүшүңүздү өтүнөбүз, - дешет кайрылууларында.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.