Сапырылган чаңдуу жана кууш жолдон түйшүк тарткан эл
Новость

POST1RIGHT

Сузак районундагы Жалал-Абад шаары менен Ачы өрөөнүн байланыштырган жол өтө кууш жана чаң сапырылып турат. Жамгыр жааганда өтө эле ылай болот. Ушул жолго жок дегенде майда шагыл төгүп койсо жакшы болмок. Эптеген эле шагыл төгүп кетишкен. Эл кыйналып жатат.  Жазында министр келет деп оңдомуш болушкан. Кайра эле мурунку кейпин кийди. Шагыл төгүп, жолду кеңейтип беришин суранат элек,- дейт автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.