Абай көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр үчүн кооптуулук жаралууда
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы Абай көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр үчүн айрыкча мектеп окуучулары үчүн кооптуулук жаралууда. Себеби бул жолдо тротуар жок. Бир тарабында тротуар бар болчу, бирок курулуш салынып, тротуарда бузуп салышкан. Жөө жүргүнчүлөр өткөнгө мүмкүнчүлүк жок. Жазында бул жолдо ремонт иштери жүрүп, бирок тротуарга көңүл бурулган эмес. Шаар мэриясы ушул маселени чечип беришин суранабыз,- дейт шаар тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.