POST1RIGHT
Жайыл районунун Алексеевка айылындагы Киев көчөсүнө айыл өкмөт жаңы суу түтүктөрүн тарткан. Тендер ойноп, жаңы суу түтүктөрүн киргизишкен. Ошондо жерди казып биринчи чоң суу түтүгүн таштаганда, эски түтүктү кошо жулуп кеткен. Эптеп эле шлангдар менен кошуп кетишкен. 2 айдан кийин жарылып чыгып, суу көчөнү каптап, үйлөргө чейин кирип жатат. Тегерегинде балдар ойноп жүрөт. Кокус бул жерге түшүп кетиши да толук мүмкүн. Унаалар тыгылып аны чыгара албай убара тартып жатышат. Эки күндөн бери агып жаткан суудан көчө жараксыз абалга келип калды. Айыл өкмөткө барсак бизде күнөө жок деп жатат, казып кеткендер оңдойт деп. Алар болсо бизде эмес күнөө, эски түтүктөр жарылган деп жатат. Ортодон эле жергиликтүү элге эле кыйын болууда,- деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.