POST1RIGHT
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Боз-Бешик айылынында жол жергиликтүү элди түйшөлтүүдө. Бул жол менен жүргөн унаалардын тетиктери бузулуп, эки күндүн биринде оңдотууга туура келет.
Жол шыйпыр болуп калган. Узундугу 14 км түзөт. Жолубузга буга чейин асфальт төшөлгөн эмес. Айла жоктон каттаганга туура келет. Аймактарды өнүктүрүү жылында биздин да айылдын жолуна көңүл буруп коюшса, - дейт айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.