POST1RIGHT
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарларды жергиликтүү тургундар ээлеп алып, соода кылышат. Шаардын кайсы бурчунан көрбө ушундай көрүнүш. Булардын артынан таштандылар калат. Жыйнап кетишпейт, тазалыкты такыр сакташпайт. Мындай көрүнүштөрдү ким тартипке салат жана көзөмөл кыла тургандар барбы?- деп суроо салган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.