POST1RIGHT
Бишкектеги Касымаалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында Талантбек Шабиевдин балдарга арналган “Китепландия” жаңы эмгегинин бет ачары болуп өттү. Аталган иш-чарага №5 Улуттук компьютердик гимназиянын башталгыч класстарынын окуучулары, мугалимдери жана китепканачылар катышты.
“Китепландия” балдардын бош убактысында кызыгып окуй турган чыгармасынын бири. Себеби анын маани-маңызында балдарга жаккан фантастикалык көрүнүштөр берилип, сүрөт түрүндө чагылдырылган. Автордун айтымында, жомоктун негизги максаты - жаш муунду китепке болгон кызыгуусун арттыруу, адабият менен тааныштыруу болуп саналат.
“Бул китептин уникалдуулугу китептеги каарман эч бир өлкөгө таандык эмес. Дагы бир нерсе башкы каармандын аты жок. Жомокто жөн эле бала деп кете берген”,- деди китептин автору Талантбек Шабиев.