Ак-Ордо: канализацияга казылган жолду ким түздөйт?
Новость

POST1RIGHT

"Элдик репортерго" Ак-Ордо конушунун тургунунан билдирүү келип түшкөн. 

Ак-Ордо конушундагы Ахунбаев көчөсүнө канализация киргизүү үчүн жерди казып, канализацияны кошкондон кийин, казылган чуңкурду жабып, бирок жолду түздөбөстөн, таштап кетишти. 1 айдын жүзү болуп калды мынтип турганына. Суук түшүп калды, жамгыр жааганда эмне болот бул жол? Жазында эле шагыл төгүп, жолубузду оңдоп алганбыз. Ишти баштагандан кийин, таштап кетпей аягына чейин бүтүрүп кетишпейби,деген автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.