POST1RIGHT
Кара-Балта шаарындагы кооптуу жол тууралуу автор видео жөнөткөн. Шаардагы Кара-Балта көчөсү менен Есенин көчөсү кесилишкен жерде жол чырагы жок. Мурун бул жолдо жол чырагы бар болчу. Белгисиз себептерден алып салган. Бул чоң жол болуп саналат. Балдар мектепке ушул жол менен өтүп барышат. Жол белгилери да жок. Унаалар тынымсыз өтөт жана жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп беришпейт,- деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.