Бишкектин Жылуулук берүү борборун модернизациялоо иши боюнча айыпталуучулар сурак берүүдө. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду бул сапар мамлекеттик айыптоочулар суракка алышты. Убактылуу тыныгуудан кийин дагы бир мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев көрсөтмө берди.
Алар менен бирге дагы бир катар мурдагы кызмат адамдары Жылуулук электр борборду модернизациялоо долбоорун ишке ашырууда коррупцияга жол берген, - деп айыпталууда. Тергөө мамлекетке беш жарым миллиард сом чыгым келтирилгенин айтат.