Чүйдөгү "Труд" дачасынын жашоочулары өз күчтөрү менен жолдорун оңдошууда
Новость KTRK/videograp

Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылындагы "Труд" дачасынын жашоочулары мамлекетти карап отурбастан, өз күчтөрү менен көчөлөрүн оңдошууда. Жашоочулар аймактарды өнүктүрүү жылында ишти баштасак, андан соң тиешелүү тараптар жолду оңдоп, бүткөрүп берет деген үмүттө.   

"Биз өзүбүз акча чогултуп, көчөнү асфальт төшөөгө чейинки иштерин жасатып жатабыз. Жолду түздөдүк, шагыл төгүлүүдө. Эми өкмөттөн сураныч, аймактарды өнүктүрүү жылында ишти колго алып, жолубузга асфальт төшөп берсе жакшы болот эле",- дейт аталган дачанын тургуну.