Бишкектеги №4-шаардык ооруканасынын айланасындагы тротуарларга унаалар токтолуп, жөө адамдар үчүн басууга жол жок. Ооруканага келген адамдар жолдон эркин баса албай кыйынчылыктар жаралууда.
"Бул жерден жаш балдар, карылар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз өтөт. Азыр да жакшы күн жылуу болуп айланып өтүп жүрүшөт, жаан-чачын болгондо баткак, көлчүктөн өтө алышпай калышат. Бишкек шаардык мэриясы, тиешелүү кызматтар ушул жагдайды көзөмөлдөп, унааларды бул жерге койдурбаган тартип киргизишсе жакшы болмок эле",- дейт шаар тургуну.